Домой Кырсык Өзгөндө жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 8 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Өзгөндө жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 8 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

23

Кечээ, 11-майда Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел агызып кеткен. Аталган бала туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болгон.

Большевик айылынын башчысы Кубан Бусурманкуловдун айтымында, кокту-колоттордон түшкөн суу айылды каптап кеткен. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

 

«Адыр деген жерибиз бар. Ошол жерге айылдагылар мал жайышат. Кечээ эртең менен жамгыр секин себелеп жаткан. Ошол учурда 8 жаштагы бала кой кайтарганы койлорун айдап чыгып кеткен экен деп уктум. Келе жатканда ошол жердеги колоттон өтөм деп, сел алып кетип, бир долоного такалып калыптыр. Бала кечээ эле жерге берилди. Кокту-колоттордон түшкөн суу айылды каптап кетти. Азыр жашоочулар өз үйлөрүнүн айланасын тазалап жатышат», — деди ал.

Буга чейин Большевик айылынын тургундары 11-май күнү саат 11:30да нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүн билдиришкен. Алар айылдын башында жайгашкан каналдан суу ашып, үйлөрдү, жолдорду, эгин талааларын каптаганын айтышкан. Жашоочулар өздөрү суунун нугун буруп, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кечээ сел Өзгөн районунун Коммунист айылынын Кирпичный тилкесинде жана Токтогул айылындагы үйлөрдүн короолоруна кирди.

Алай районунун Ленин айыл аймагында да сел жүрүп, Кызыл-Коргон айылында ички чарбалык унаа жолду жана мечиттин короосун каптады. Ички чарбалык унаа жолду тазалоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилген.

turmush.kg