Домой Аналитика Депутат Аккулу Бердиев: Чоң-Алайда тажиктер окоп казып отурукташып жатышат

Депутат Аккулу Бердиев: Чоң-Алайда тажиктер окоп казып отурукташып жатышат

120

Тажикстандын жарандары Ош облусунун Чоң-Алай районуна жакын жердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында окоп казышууда. Бул тууралуу депутат Аккулу Бердиев бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, ага тынчсызданган жергиликтүү тургундар чалып, райондун жакын аймагында “тажиктер” бар экендигин айтышууда.

“Чоң-Алайдын чек арасында тажик тарап окоп казып отурукташып жатат деп жергиликтүү тургундар телефон чалып, кооптонуп жатканын билдиришүүдө. 1999-жылы алгачкы чоң кол салуу Чоң-Алайда болгон. Бул жактан аскерлер баргыча элдер өзүлөрү тосуп чыккан. Азыр да абал оор болуп жатат. Тезинен чечим кабыл албаса ал жерде Баткендегиден да абал оор болот. Ал жакта тургундар аз, алар кирип келсе тосуп чыкканы эч ким жок, тез эле Гүлчөгө келип калышат”, – деди эл өкүлү.

Төрага Талант Мамытов депутаттын кайрылуусунан кийин министрлер кабинетинен маселени иликтөөнү өтүндү.