Домой Коом Жапыкеев Финполдо тергөөчүлөр жетишсиз деп, нааразы болду

Жапыкеев Финполдо тергөөчүлөр жетишсиз деп, нааразы болду

150

Бүгүн, 10-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Координациялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат.

Жыйында Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында тергөөчүлөр жетишсиз болуп жаткандыгына нааразы болду.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын бир тергөөчүсүнө 60-70 иш туура келет.

“Тергөө иштери Башкы прокуратурадан жана Бажыдан алынып салынган, иштер бизге өткөрүлүп берилген, бирок штат көбөйтүлгөн эмес”, – деди ал.