Домой Саясат Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

218

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Белгиленгендей, бүгүн, 30-мартта Сыймык Жапыкеев генпрокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктун сүрөтү соцтармактарга тарады.

Анда “Сыймык Жапыкеев прокуратура органдарына кызматка кабыл алынсын жана Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалсын” деп жазылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Сыймык Жапыкеев Финполициянын төрагасы болуп дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлган.