Домой Саясат Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы берилди

Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы берилди

147

Каржы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу С. Жапыкеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Достор эң биринчи силерге рахмат! Ушунча колдодуңар, кудайга ыразымын. Президентке чоң рахмат, чын жүрөктөн кубанып жатам. Кудай буюрса эл, жер үчүн эмгегимди аябайм”,-деп жазган С. Жапыкеев.

Эске салсак, 5-мартта премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлган.  Сыймык Жапыкеев өзү жетектеген түзүмдүн жоюлуусу жана кызматсыз калуусу тууралуу үн катып, өз ишин так аткарганга аракет кылганын жана Каржы полициясынын кызматкерлерине ыраазы экендигин айткан.

Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 млн. сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң-чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп аттык эле, баары оңой эмес”, – деген Жапыкеев.