Домой Саясат УКМК: Мамлекеттен мыйзамсыз 60 млрд сом чыгарууга шектелип Финполдун кызматкери кармалды

УКМК: Мамлекеттен мыйзамсыз 60 млрд сом чыгарууга шектелип Финполдун кызматкери кармалды

59

УКМК Бишкек Экономикалык кылмыштуулукка карыш күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери К.Н.ны кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.

Белгилүү болгондой, ага карата коррупция беренеси боюнча кылмыш ачылган.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланып, жарандар менен тил табышып, ири суммадагы акчаны адалдоо жана өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин 59,5 миллиард сом Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алынган, ал эми салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашышы мүмкүн. Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан», – деп билдирди УКМК.