Криминал чөйрөсүнүн «атасы» аталган Рысбек Акматбаев тирүү болгондо быйыл туура 60 жашка толмок. Ал 1960-жылы 6-июлда Чолпон-Ата шаарында туулган. Акматбаевди 46 жашында, тагыраак айткнада 2006-жылы 10-майда Бишкектин четиндеги Көк — Жар айлындагы мечиттен чыгып келатканда атып кетишкен. Анын өлүмү тууралуу ушул кезге чейин ар кандай божомолдор айтылып келет.
Ошол кандуу окуяга күбө болуп, жабыр тарткан Аскар мырза учурунда ЖМКларга окуянын чоо-жайы буларды айтып берген:
-Мечиттин ичинде намаз окуп атканбыз. Анан бир өспүрүм бала келип жыгылып түштү. Эки жактан аткылап кирди. Эки-үч мүнөт аткылашты. Баарыбыз жерге жата калдык. Атышуу бүтүп тынчып калганда баланы көтөрүп эшикке алып чыктык. Анан ооруканага жеткирип келдик. Ал эми тигил жерде бирөө жатыптыр. Алыстан көрдүк . Бетин бир нерсе менен жаап коюшуптур.
Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаевдин 2019-жылы берген маеги: https://www.youtube.com/watch?v=2gLd6kZGa_s
Маркум Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаевден сураганыбызда, ал Рысбек Акматбаевдин киши колдуу болгондугун тастыктаган болчу.
Рыспек Акматбаевдин атасынын баласы тууралуу берген маеги: