— Кара-Сууда өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда өтпөй калган партиянын мүчөлөрү ар кандай маалыматтарды таратууда. Ушул боюнча сиздин оозуңуздан угалы?
— Негизи Кара-Суу шаардык кеңеши үчүн жалпы 6 партия ат салышты. Алты партиянын ичинде КСДП да катышты. Мен КСДПдан шайланган депутат катары ар жылы, керек болсо квартал сайын Кара-Суудагы шайлоочуларыма барып отчет берип турам. Бүгүнкү күнү Кара-Суудагы шайлоочуларыбыз президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жасаган иштерин, өзгөчө энергетикалык көз карандысыздыкка жеткенибизди, жылына өчүп турчу жарыктын өчпөй калгандыгын, көгүлтүр от жагынан өлкөбүздө биротоло көйгөйлөр чечилгенин көздөрү менен көрүп турат. Ушундай иштердин аткарылышына Алмазбек Атамбаевдин эмгеги зор болгондугун элибизге аңдап билди.
Буга чейин Кара-Суу шаардык кеңешинде КСДПдан 18 депутат болгон. Бул депутаттар шаардык бюджетти 21 миллион сомго көтөрүштү. Көптөгөн инфраструктураларды оңдоп, элдин ишенимине киришти. Ошондой эмгектеринин жыйынтыгында кечеги шайлоодо 23 мандатка ээ болушту. Бул КСДПнын кадырынын өскөнүн тастыктап турат. Жеңилип калган партиялар ар кандай кептерди тарата берет. Ага эл деле ишенбейт.
— Кара-Суудагы шайлоону “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаттары сындап жатканы белгилүү. Алар эмнени көздөп жытышы мүмкүн? cvscanada.
— Кечээ ушул фракциядан парламенттеги вице-спикер болуп отурган Алтынай Өмүрбековага “жөн эле айыптай бербей мен сизге барып келгенге билет алып берейин, сиз Кара-Сууга барып, элдер менен сүйлөшүңүз, Кара-Сууда кандай жумуштар болуп жатканын көрүңүз” деп айттым. Биз КСДПнын айрыкча, Алмазбек Шаршенович тарабынан аткарылып жаткан жакшы иштерди көрсөтүп жатканыбызды айттым. Айрымдарга окшоп шайлоого бир ай калганда элди сатып алалы деп эмес, көптөн бери ал жактарда иш кылып жатабыз. Азыр биздин эл баарын түшүнүп калышты. Элге кызмат кылсаң, Кара-Суудагыдай жыйынтык менен жеңишке жетесиң да. Биз ал жерден 65% менен таза жеңишке жеттик. Эл биздин эмгегибизди баалап ушундай ишеним менен шайлап беришти.