Маалыматка караганда, ал бүгүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына чакыртылган. Кечке маал М.Сайпидинов 48 саатка камакка алынгандыгы белгилүү болду.
Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кытчысы Нуркыз Кадырбек кызы Кара-Суу районунун 2 айыл өкмөтүндө каржылык иликтөө башталганын тастыктаган.
«Убактылуу Кара-Суу районунун акиминин милдеттин аткаруучу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне экенин толук айткан жок. Бирок финансылык иликтөө жүргүзүлүп жатканын айтты. Кара-Суу районунун Сарай жана Савай айыл өкмөтүнө УКМК тарабынан финансылык иликтөө жүргүзүлүп жатканы чындык», — деген Кадырбек кызы.
Сайпидинов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында анын кабинетине УКМК тарабынан мөөр басылып, кулпуланганын көрсөткөн болчу. 2020-жылдын 19-ноябрында анын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.
Сайпидинов Мунар Акимжанович — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Бул маалыматты Сайпидинов өзү тастыктаган. Ал айыл өкмөт башчысы болуп 2016-жылы март айында шайланган. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ал «Мекеним Кыргызстан» (№126) партиясынан талапкер болгон.