Домой Коом Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер: “Кыргызстанды өнүгүп жаткан 10 мамлекеттин катарына кошом дегени...

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер: “Кыргызстанды өнүгүп жаткан 10 мамлекеттин катарына кошом дегени реалдуу эмес, экономикалык маселелер өкмөттүн колунда”

56

Без названия

— Жыпар ага, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эл алдында программасы менен тааныштырып жатып, кыргыз экономикасын көтөрүү боюнча убада берип, шайланып калса ал үчүн негизги 4 кадам жасай турганын билдирди. Жаңы Баш мыйзамда президенттин экономикалык секторго баш салганга укугу деле жок. Муну менен ал коомчулуктун көзүн будамайлоого аракет кылып жаткан жокпу?

— 15-октябрдан кийин жаңы президент шайланган соң биздин Конституция толук кандуу иштей баштайт. Албетте, жаңы Конституцияга ылайык экономикалык маселелер толугу менен өкмөттүн карамагына өтөт. Экономикалык маселелерди өкмөт аныктап, андан соң парламент бекитет. Мыйзам боюнча президент түздөн-түз экономика иштерине кийлигише албайт. Ошондуктан, мурунку президенттик компанияларда убада берип келген инерция, ошонун илеби менен кетип бара жаткандай көрүнөт. Албетте, президенттин өзүнүн салмагы, сөзү, орду, көз карашы болот. Бирок, талапкерлер мен ушул программаны аткарам деп программасын таңуулап, айта алышпайт. Себеби, Конституция боюнча андай укугу жок болуп калат. code red seven side effects.

— Талапкер Бабанов өлкөбүздү дүйнөнүн тездик менен өнүгүп жаткан 10 мамлекеттин катарына кошом деп жатат. Анын мындай сөздөрү деле баягы 20 жылдан бери айтылып, адат болуп калган, “дежурный” убада эмеспи?

— Биздин өлкөнү азыр дүйнөнүн алдыңкы өнүгүп жаткан 10 мамлекеттин катарына кошом дегени реалдуу эмес. Себеби, Кыргызстандын экономикалык потенциалы, структуралык жагдайы бүт баарысы андай эмес. Биз азыр ЕврАзЭСтин курамына киргенден кийин чоң мамлекеттерге толук кандуу атаандаш болуп, экспортко анчалык бат чыгып кете албайбыз. Келечекте балким 20-30 жылдардан соң ошондой деңгээлге жететтирбиз. Бүгүн экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан чоң мамлекеттер дүйнө жүзүндө оголе көп. Алардын катарына биздин кошулушубуз куру кыял болуп калат деп эсептейм. Бул албетте, менин жеке пикирим.