Домой Коом Кара-Сууда массалык уулануудан эки аял каза болуп 11 адам ооруканага жаткырылды

Кара-Сууда массалык уулануудан эки аял каза болуп 11 адам ооруканага жаткырылды

33

Ош облусунун Кара-Суу районунда уулануудан 2 аял каза болду. Маалыматты  райондун акимчилиги тастыкташты. Билдирүүгө ылайык, кечээ бир аял каза болсо, бүгүн, 11-мартта эртең менен бирөөсү каза болду. “Нариман айылында бир аял киши туулган күн өткөргөн. Биринчи күнү 15 адам конок болсо, экинчи күнү дагы 15 адам конок болгон. Уулануудан конок тоскон аялдын келини жана досу каза болду. Азыр 11 адам ооруканада жатат. Абалдары туруктуу. Ал эми каза болгондор ооруканага өтө оор абалда келишкен”, – деди акимчиликтен.