Экс-депутат, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабековго ушул күндөрү алыскы Германиядан операция жасалды. Учурда каарманыбыздын абалы жакшы, операция ийгиликтүү жасалганы өзүн жакшы сезип, кайрадан Мекенине кайтууга кам урууда.
Аяк-башын жыйнап, өзүнө келип алган соң саясатка активдүү аралашып, алдыдагы парламенттик шайлоого абройлуу партиялардын бири менен катышууга аракет кылып жатканынан да кабардар болдук.
Саясатын кое туруп, эң ириде каарманыбызга ден-соолук каалап, тез арада сакайып кетишин тиледик. Ден-соолук болбосо башкасы түккө да арзыбайт.
Калганы орустар айткандай “мелочи жизни”…
Булак: “Айгай-пресс”