viagra online uk paypal. «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев социалдык түйүндөрдөгү өзүнүн баракчасына Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын билдирди. Төрт саясатчы кече жакында эле мамлекет башчылыгына бирдиктүү талапкерди колдоо үчүн жаңы саясый партиянын түзүлгөнү боюнча билдиришкен.
Оппозиционерлер менен бул саясый биримдик Сариев үчүн канчалык жөндүү? Алар түштүк электоратынан ага жеңиш үчүн керектүү добушту алып бере алышы күмөн го. Ал эми анын репутациясын азыраак «булгап» коеру – турган иш.
Бул чечимди алысты көрө албастык катары саясат таануучу Марат Казакпаев да эсептейт. Ал «Вести.кж» сайтына курган маегинде «Ак-Шумкардын» лидери бул төртилтик менен бирикпей эле койгону оң болоорун билдирген.
— Албетте, Сариев Бакыт Төрөбаев сыяктуу эле буга бара алышы мүмкүн. Алар экөө тең өздөрүнүн борбордук позициясына карабай, бириккен оппозициянын атынан талапкер болууга даяр. Мындай кадамы менен Төрөбаев да, Сариев да түштүктөн С.Жээнбеков менен Ѳ.Бабановдон добуштарды тартып алууну каалап жатышканы түшүнүктүү. Бирок, бул жерде белгилүү бир тобокелдик бар. Себеби жадакалса бул жалпы саясый квартет – түштүктүктөр болсо да, Кыргызстандын бул бөлүгүндө алардын электораты чоң эмес. Андыктан ага ишенүү акыл-эстүүлүк эмес, — дейт «Вести.кжге» Казакпаев.
Экс-премьердин мындай чечимге келишине анын шайлоо штабынын жетекчиси Элмира Ибраимованын таасири болгонун саясат таануучу белгилейт.
— Бирок, менин көз карашымда мындай ачык радикал оппозиционерлер менен биригүү Сариевди да, Төрөбаевди да ачык оппозициялык флангга (капталга) ордун которот. Ошол эле убакта бул альянста мындан ары конфликттер чыкпай койбойт деп айтканга болбойт. Себеби бардык өкүлдөрүнүн президенттик орунду ээлөө амбициялары бар, өзгөчө Мадумаровдун. Бул төртилтикке бийлик гана керек, башка эч нерсе. Алар азыр кандай оңой бириксе, кийин ошондой эле оңой бөлүнүп кете алышат. Андыктан эгерде Сариев алардын биримдигине барса, кейиштүү. Бул байланыштан кийин ага узакка чейин оппозиционер деген жарлык жармашып жүрөт, — дейт Марат Казакпаев.