Домой Коом Фамилияны, атты шашылыш түрдө кантип өзгөртсө болот?

Фамилияны, атты шашылыш түрдө кантип өзгөртсө болот?

400

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти документтен фамилияны, атты жана атасынын атын шашылыш түрдө өзгөртүү боюнча акы төлөөчү кызматтын баасын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул эле сумманын ичине документтеги өзгөртүүлөрдү жарандык абалдын актылары боюнча китепке киргизүү кызматы дагы кирет.

Кызмат баасы 585 сом туруп, арыз түшкөндөн кийин 1-3 күнгө созулат. Ал эми акысыз кызматты колдоном десеңиз, аты-жөнүңүздү 10 күндүн ичинде өзгөртө аласыз.

«Аталган кызматтын ишке киришине жарандардын сунушу себеп болду. Бул нерсе шашылыш түрдө жаңы документ алуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарат», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына, тагыраагы, ID-картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилгени кабарланган.