Паспорттогу “кыргыз” деген улутун алып салуучу айбанчылык иштердин автору делген Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге коомчулуктун кызуу талкуусунан кийин “Манас” эпосундагы терс кармандардын бири Шыпшайдардын аты “азан” чакырылып коюлганы көпчүлүккө белгилүү. Паспорттон кыргыз деген сөздү өчүргүсү келген аткаминер Максим Бакиевдин жерин сатып жибергендиги үчүн катуу сынга, ал эле эмес каргышка да кабылып, кылмыш козголуп, азырынча иликтөө ишине тоскоол болбос үчүн бир ай кызматынан убактылуу четтетилди. Убактылуу эмес, биротоло четтетип, түрмөнүн түбүнө түшүрүү керек. Себеби, анын кыргызга кылган “кызыктай”, акылга сыйбас иштери жетиштүү болуп кетти. Эгер КСДП аброюн сактагысы келсе, анда Сарпашевди коргобошу керек. Тескерисинче тетири иштерин тегиз тескөөгө жардам бериши зарыл.