Домой Коом МКК кызматы жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттун үлгүлөрүн алды (сүрөт)

МКК кызматы жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттун үлгүлөрүн алды (сүрөт)

96

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттун үлгүлөрүн алды. Бланктардын, коопсуздук элементтеринин жана жасалгалоонун сапатын текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 29-майында МКК менен жеңүүчү компания Mühlbauer ID Services GmbH (Германия) ортосунда паспорттун электрондук бланкаларын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Жаңы электрондук паспорттордо 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери, паспорттун мукабасында электрондук чиптин болушу, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды колдонуу үчүн лазердик технологиялар колдонулган.

Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.