Домой Коом 3-майдан тартып жаңы биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат

3-майдан тартып жаңы биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат

13

3-майдан тартып жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Паспортту даярдоо мөөнөтү 18 иш күнү.

Эсептөөлөргө ылайык, май майрамдарын эске алуу менен жарандар алгачкы жалпы жарандык паспортторду 20-майдан тартып ала башташат. Ал эми кыска мөөнөттө даярдалуучу документтер тууралуу айта турган болсок, ал, процесс толук ишке киргенден кийин каралат. Ведомстводон эскертишкендей, жаңы үлгүдөгү паспорт 34 жана 50 беттен турат. Андан улам, баасы да анын көлөмүнө жараша болот.