Домой Коом ID-картага жарандын улутун көрсөтүлгөн графа кайрадан киргизилди

ID-картага жарандын улутун көрсөтүлгөн графа кайрадан киргизилди

289

Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына, тагыраагы, ID-картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн, 15-декабрда кабарлашты.

Бул чечим Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

“Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат”, – деп айтылат маалыматта.