Чет жактагы кыргызстандыктар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн жана консулдук мекемелерден жаңы үлгүдөгү КРнын жалпы жарандык паспортун (биометрикалык паспорт) алса болот. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына биометрикалык ички паспортту – ID-картты алуу үчүн шарт түзүлгөн.