Домой Коом Талант Мамытов жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Талант Мамытов жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

171

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовко Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкер сунушталган.

Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча макул болду. Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкерлер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайра кайтарды.

Талант Мамытов 9 талапкерди жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарды.

Кызматка дайындалган судьялар:

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Байсов Кылыч Таштанбекович;

Касымалиев Бакыт Мукамбетович;

Сүеркулов Эрлан Өмүралиевич;

Сокулук райондук сотуна:

Самудинов Кубанычбек Бердибекович.

Панфилов райондук сотуна:

Тагаев Тилек Мамедович.

Токмок шаардык сотуна;

Астаркулов Данияр Шаршенбекович.

Ош облусу:

Ош облустук сотуна:

Майлубашов Нурбек Рысбаевич.

Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

Калбаев Алмаз Тургуналиевич.

Свердлов райондук сотуна:

Саткынбаев Рустам Шайлообекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.