Домой Дүйнөдө EurasiaNet басылмасынын баасы: Кыргызстан — Борбор Азиядагы журналисттердин бейиши!

EurasiaNet басылмасынын баасы: Кыргызстан — Борбор Азиядагы журналисттердин бейиши!

277

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда журналисттердин эркин иштөөсү, коопсуздугу жана кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттар жакшы экенин дүйнөдөгү абройлуу Eurasianet басылмасы жазып чыкты.

Кыргызстан Борбордук Азияда

Чек арасыз кабарчылар уюмунун 2016-жылдагы көрсөткүчү боюнча Борбор Азия көз карандысыз журналистика, маалыматтын эркин агымы чектелген аймак. Маселен, Түркмөнстан, Өзбекстан бул көрсөткүчтө Түндүк Корея жана Эфиопия сыяктуу өлкөлөр менен бир катарда турат. Тажикстанда да кысым мурда болуп келген, ал эми 2015-жылдан тарта кырдаал курчуп, журналисттер өлкөнү таштап кете башташкан. Eurasianet басылмасы Бишкекти байырлап калган коңшу өлкөлөрдүн үч журналистинин баяны менен акыбалды чагылдырууга аракет кылган.

Биринчиси Тажикстандан 2010-жылы Бишкекке Deutche Welle радиосунун семинарына келип, калып калган 27 жаштагы Диана Рахманова. Ал сөз эркиндиги кысылган мекенине кайткысы келбей, Кыргызстандан бүлө күтүп толук отурукташып калды.

Ал эми Бухарадан Бишкекке көчкөн Эльер Нематовдун достору алгач ага аябай таң калышкан. Сүйлөшкөн кызына жакын келүүнү эңсеген Эльер кийин Кыргызстандын фотограф журналист үчүн да иштөөгө эркин өлкө экенин билген: “Мен чек араны билбей деле калдым. Мындан аркы журтум Кыргызстан болгону менен Борбор Азияны чагылдырамын”, — дейт ал.

Китепканалары 2005-жылдан тарта тыйылган Түркмөнстандан Бишкекке окуганы келген дагы бир журналист Ольга азыр да куугунтуктан чочулап турат. Бирок ал Борбор Азиядагы Америка университетинин босогосун аттаары менен китептен башын көтөрө албай калган. Ага маалыматты эркин алуу жана каалаган китебин окуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө жаккан. 33 жаштагы Ольга азыр саясий аналитик кызматын аркалоодо. Ал эркин Кыргызстанды репрессиялуу Түркмөнстанга салыштыра албастыгын, мекенине кайтууну ойлоно электигин кошумчалады.