Өмүрбек Текебаевдин жана анын “Ата Мекен” партиясынын жакшылыгын көрүп, саясатта карьера жасагандарды эстеп көрсөк көп эле.
Маселен, алардын сап башында, Болот Шер, Жоомарт Оторбаев КСДПга өтүп кеткен Калыкбек Султанов турат. Бокебиз болсо ден –соолугуна шылтап, же “менин ордума иним Садык жүрөт, жетет ошол” – деп кол шилтеп койду окшойт. Партияга мүчө болбосо да, далай ишти былгыткан Азимбек Бекназаров да Өмүкеңдин далай колдоосуна ээ болгон. Ал эми “Ата Мекенден” өткөн чакырылыштарда депутат болушкан Жоомарт Сапарбаев, Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, Ташболот Балтабаев, Гүласал Садырбаева, Ширин Айтматова, Бактыбек Калмаматов сыяктуу адамдар Текебаевдин камалышы тууралуу бир ооз кеп айтканга жарашкан жок. Жакшылыкты ушунчалык тез унутушабы? Бул эмненин белгиси, же алардын Текебаевден ушунчалык көңүлү калды беле?