Барс бек каган VII кылымдын акыркы чейрегинен — VIII кылымдын башталыш мезгилинде Борбордук Азиядагы саясий кыйчалыш доорунда мамлекетибиздин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, өрнөктүү өмүр жол баскан, азырынча Орхон-Енисей жазма тарыхый булактарда алгачкы ирет ысымы даана кездешкен кыргыз мамлекет башчысы болгон.
Ошол учурдагы тарыхый кырдаалга көз чаптырсак, VII кылымдын аягында Борбордук Азияда көктүрктөрдүн (1-Көк түрк кагандыгынын — 552-630-жж.) кайрадан күчүнө келип, бийлигинин орнотулушу, башка элдер менен бирге эле кыргыздар үчүн да кооптуу болгон. 689-ж. көктүрктөрдүн Кутлуг Чор Элтериш (681-693-жж. башкарган) каганы өкүмдары Баз каган болгон тогуз-огуздарды баш ийдирип, Таң (Кытай) империясына сокку урган. Булар Борбордук Азияда Түрк мамлекетинин кайрадан күч-кубатына келип, күчөшүнүн белгиси жана 2-Көктүрк кагандыгынын башталышы болгон. Ошол эле жылдары кыргыздардын мамлекетине көктүрктөрдүн кол башчысы Капаган (түрк тарыхий изилдөөлөрдө Капкан – Д.С.) жортуулга барып ийгиликсиз кайткан. Алар менен бирге кыргыздар да бул аймакта саясий үстөмдүккө жетишиш үчүн активдүү күрөш жүргүзө баштаган эле.
Белгилүү тарыхчылар Владимир Мокрынин менен Владимир Плоскихтин маалыматтары боюнча ошол эле 689-ж. кыргыз элинин башчысы Барсбек Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттердин бири катары өзүн каган деп жарыялоо менен Ынанчу Алп Билге деген салтанаттык ылакап аталышты кабыл алган . Муну чечмелей турган болсок, Ынанчу (ynanç) — ишеничтүү, Алп (alp) — эр жүрөк, баатыр, кайраттуу жана Билге (bilgä) – билимдүү акылман, кеменгер адам болгонун көрөбүз. Ал эми жаш түрколог Нурдин Усеевдин жаңы түшүндүрмөсү боюнча анын аталышы “Элиг Бөрт Опа Барс” – мааниси: элүү, орто жаштагы, өгүздөй күчтүү Барс . Ушул маалыматтан биз, Барсбек өлгөн 711-жылы 50 жашта болсо, анда ал 661- жылы төрөлгөн деген жыйынтык чыгарсак туура болчудай.
697-жыл Капаган (Мочжо Бег Чор – 692 же 693 -716 жж. башкарган) каган жана ханзада Билге (ал кезде 14 жашында тардуш элинин шады) чыгышта Сары дарыя, Шан – Тун өрөөнүнө (кебетеси, батыштагы Мавераннахр тарапка, башкача айтканда Жүзак менен Самарканддын ортосундагы – Д.С.), Темир Капыга чейин жана Көгмен (Енисейдеги – Д.С.) тоолорунун ары жагындагы кыргыз өлкөсүнө чейин 25 жолу жортуулга чыгышып, 13 салгылаштын жыйынтыгында, сепаратисттик иштерге алектенип жаңылыштык кетирген түрктөргө тууган калктардын бири болгон түргөш каганы өлтүрүлгөн. “Ата бабабыздар ээлеген жерлер, дарыялар ээсиз калбасын деп, — айтылат Билге каганга (716-734 жж. башкарган) арналып 735 – ж. тургузулган эпитафияда, аз калкын (башкача айтканда кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) тартипке келтирип уюштуруп Барсбекке бердик. Хакан наамын ага биз бердик. карындашыбызды ханыша кылып берген элек”. Мындан көрүнгөндөй кыргыздардын өкүмдары Барсбекке 2-көктүрктөрдүн мамлекетин жаратуучусу жана даңазалуу каганы Кутлуг-Чор Элтериш кагандын кызын аялдыкка беришип, дагы бир жолу, эми булар тарабынан «каган» титулу тартууланган. Демек, ага чоң ишенич көрсөтүлүп “аянычтуу ахвалга дуушарланган түргөш жана аз (кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) калктарына” да жетекчилик кылуу тапшырылган . Муну менен алар кыргыздарды өзгөчө жакын тууган катары эсептешип мамлекетинин көктүрктөргө тең аталыгын таанып, өздөрүнө өнөктөштүккө келтирүү аракетин кылышкан. Кийин бул жагдай сепаратисттик аракети үчүн өлтүрүлгөн, ушул эле Барсбектин уулуна бийлигин улантууга мүмкүнчүлүк бериши менен ырасталат.
24 жыл кагандык кылган, Капагандын ашкере тынымсыз талоончул чаап алуучулук жортуулдары менен бирге өзгөчө кийинки мезгилдеги ийгиликсиз тышкы саясат жүргүзө баштаганын көрөбүз. Анын 700-ж. Таңгут мамлекетине, 701-ж. батыштагы алты аймактуу Согдуга (Самаркандка чейин), 703 – ж. бир тууган басмыл Иди-Кут коомуна жана 705-ж. Табгач (Кытайдагы Таң династиясына) мамлекетине жасалган жортуулдары ага аброй алып келбеди. Себеби, 731-жылы көктүрктөрдүн колбашчысы Күлтегинге арналган эстеликте айтылгандай, “барган жерде сенин (Капагандын — Д.С.) жакшылыгың болбоду” делет. Натыйжада түрк эли өз каганына каршы көтөрүлүп чыккан эле . Ушундай кырдаалда тышкы коншулаш мамлекеттер: Таң империясы, Түргөш жана Кыргыз кагандыктары да өз ара биримдикке умтулушуп Капаганга каршы коалиция түзө башташышат. Бул үчилтикте негизги ролду кыргыз каганы Барсбек ойногон. Ал 707 ж. Капаган менен салгылашып жаткан Таң императоруна өзүнүн элчисин жиберген.
Алтын-Көл II жазма эстелигинде түрколог Сергей Кляшторныйдын пикиринде Барс бек кагандын 38 жаштагы Инанчу Алп Саңун лакап ысымга татыган Эрен Улуг деген эгиз инилеринин бири, төрт жолу сыртка элчиликке барып кайра келгенден кийин, Тибет каганына элчи болуп кетип, кайра мамлекетине кайтпаганы жазылган . Ал эми Уйбат I жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Кара Канга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Бул акыркы элчини Барсбек тарабынан жиберилгенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный аныктаган.
Кытай булактары да бул маалыматты ырастайт: «Хягас (кыргыз – Д.С.) күчтүү мамлекет болгон. Аймагы боюнча Дулгас (Тукюе — көктүрктөр –Д.С.) ээликтерине барабар эле. Дулгас (Тукюе) ордосу өз кыздарын алардын башкаруучуларына (аялдыкка -Д.С.) беришчү. Аймагы чыгышта – Гулигани (Байкал көлүнүн жаны — Д.С), түштүктө — Тибет (тагыраагы Чыгыш Түркстан – Д.С.), ал эми түштүк батышта Гелолуга (болжолдуу Жети-Суу – Д.С.) чейин жеткен» . Мындан биз кыргыздардын көктүрктөр менен теңтайлаша алган күчкө ээ болгондугун көрөбүз.
Барсбек каган Көктүрк каганаты үчүн эң негизги коркунуч туудурган башкаруучу болгон. 732-жылы өлгөн көктүрк кошун башчысы Тонукукке арналган эпитафияда бул жагдай ачык сүрөттөлөт: «…Табгач (Таң династиясы — Кытай императору – Д.С.) каган жообуз эле, он ок элинин (түргөштөрдүн) каганы жообуз эле. Артыкча кыргыз күчтүү каган жообуз болду» .
Кыргыз башчысына көктүрктөр өз каганынын кызын берүү менен аны тынчтык мамиледе болот деген үмүттөрү ордунан чыкпады. Барсбек Көктүрк кагандыгы менен атаандашуу саясатын уланта берген. Ушул максатта Барс-бек түргөштөр жана Таң империясы менен коалиция түзүүгө макулдашкан.
Таң империясынын коалицияга реалдуу түрдө кошулушу ачыкталбагандыктан, Барсбек 710-ж. Таң династиясынын душманы болгон Тибет мамлекетине өзүнүн элчиси Эрен Улугту тымызын жиберүүгө аргасыз болгон. Бул кабар дароо Таң императоруна угулуп, аны бушайман кылган.
Барс бектин мындай саясий аракетинен өзгөчө кооптонгон көктүрктөрдүн даңазалуу аскер башчысы Тонукук жана ханзадалар Култегин менен Билгенин (шад Могилян) жетекчиликтеринде кыргыздарга дыкаттыкта даярдалган чоң кошун менен кыш мезгилинде күтүүсүздөн кол салууну чечет. Тонукуккө арналган таш эстеликтеги жазууларда ал мындайча сүрөттөлгөн: «Жоолашалык — дедим. Көкменде жол бирөө эле, суук дегенди эшитип, …ал жерди билген киши издеттим…түздөгү аз (кыргыздардын курамындагы — Д.С.) элинен жерди билген бирөөнү таптым… «Аны (Тува жергесиндеги дарыянын аты — Д.С.) суусун бойлой барсаң бир аттык жол калат. Ал жол менен барсаңар ынанымдуу деди. Ойлондум, каганымдан өтүндүм, кол жөнөттүм… Аттангыла!» — дедим. Актермелди кечип атка миндирип, карды жиреп, жогору аттарды жетелеп, жөө жыгач (таяк) тутуп алдыдагы кишилер карды жиреп, чердүү чокуну аштык, кыйналып жатып он түн дегенде тоо этегине бардык. Жол көрсөткүч сапардан (балким атайлап –Д.С.) жаңылгандыктан мууздалды. Кыргыздарды уйкуда бастык… Каны колу (аскери) чогулду… Согуштук, жанчтык, Каганын өлтүрдүк. Каганга кыргыз эли баш ийди…» . Бир нече күн айыгышкан салгылашта, көктүрктөрдүн аскерлери көпчүлүк болгондуктан каган Барсбек баатырлык менен майданда курман болгон.
(Уландысы кийинки санда)
Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ,
тарых илимдеринин кандидаты, профессор