Домой Саясат Текебаевдин ордун көксөп жаткан Иманалиев кимге жакшылык кылсын?!

Текебаевдин ордун көксөп жаткан Иманалиев кимге жакшылык кылсын?!

88

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев пара алганы жана шылуундук кылганы үчүн камакка алынды.

Каныбек Иманалиев

Аны коргоп, чын дилинен ичи ачышкан жана Текебаевдин камалганына кудуңдап жүргөн “Ата Мекендин” мүчөлөрү митинг өткөрүп жатат. Партиянын иштерине жаңыдан эле аралашып жүргөн Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков сыяктуулар эптеп революция болуп кетсе, бир жерди баса калсак экен дегенде “эки көздөрү төрт”. Бирок, булардын арам ойлору эч качан ишке ашпайт жана эл ага жол бербейт.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Текебаевдин камакка алынышына ичинен кудуңдап жүрүптүр. Көрсө ал Өмүрбек Чиркешовичтин саясый карьерасынын аяктап баратканын сезип, партиянын лидерлигин мелжеп жатыптыр. Калп эле жалындуу сүйлөп, “Текебаев бошотулсун!” деп айкырганы менен түпкү максаты ушунда экен. Анын үстүнө акыркы кездери “Ата Мекен” партиясына ким лидер болот деген суроо кабыргасынан коюлуп келет. Көпчүлүк эксперттер да бул партия кийинки парламенттик шайлоого чейин лидерин алмаштырбаса Жогорку Кеңешке өтпөй кала турганын бир ооздон айтууда. “Ата Мекендин” түптөөчүлөрү, таасирдүү мүчөлөрү деле жаңы лидерге токтоло албай келет. Кыскасы мунун баарын байкап турган Каныбек мырзанын көздөгөнү лидерлик.

Иманалиевдин бул жагынан тажрыйбасы бар. Анткени, буга чейин 4 партияга мүчө болуп, ал жактан интрига уюштуруп жүрүп куулган. Маселен, “Замандаш” партиясынан таасир талашып жүрүп  айдалса, “Кыргызстан” партиясы көпкө кармабай сүрүп чыгарган.  5-чакырылыштагы парламентке “Ар-Намыс” партиясы аркылуу келип, ал жактан да “төңкөрүш” жасап жибере жаздаганда көчүккө тебилген. “Карт саясатчы” Феликс Кулов кокодон алып эле айдаганын көргөндөр айтып жүрөт. Эми минтип Текебаевдин башына каран күн түшкөндө анын ордун көксөп жаткан Иманалиев кимге жакшылык кылсын?!

Азамат Кангелдиев