Игорь Чудинов карып өлгөндөн кийин, тиги дүйнөдөн каякка баргысы келгенин сурашты. Бейишкеби же тозоккобу? Ал ойлонуп көрүп: “Адегенде экөөсүн тең көрүшүм керек” деди. Ага адегенде бейишти көрсөтүштү. Бейиштегилер баары партада олтурушуп, периштелер аларга гезиттеги жаңылыктардан окуп берип жатышты. Тозокто болсо, тозокулар ичимдик ичип, карта ойношуп, жылаңач кыздар ары-бери басып жүрүштү. Чудинов тозокту тандады. Аны ошол замат кыпкызыл болуп күйүп жаткан казанга алып келип, ага салмак болушту.
-Бул кандайча?! — деп кыйкырды ал. — Силер мага азыр эле такыр башка нерсени көрсөтпөдүңөрбү?!
-Ал үгүт пункту болчу, — деген жооп болду.