Азимбек Бекназаров акыры акча менен байлыктын түбүнө жетпей жүрүп ааламдан өттү дейт. Кудай менен Шайтан өз ара кеңешип, Азикени бейишке же тозокко кетирмей болушуп, акыры Азимбек тозокко кирмей болду. Бир айдан кийин Шайтан Кудайга келип мындай деди: “Азимбекти өзүңө алчы байболгур. Менин кичинекей шайтандарым көтөрүлүш чыгарышып, тозоктогу тозоку иштери үчүн бейиштегидей шарт түзүп бер деп жатышат. Сенин бейишиңде баары сонун эмеспи. Азимбекке идеяларын ишке ашыруу үчүн социалдык шарттар да жок”. Кудай макул болду. Азимбек ошентип бейиште жашап калды. Бир айдан кийин Шайтан дагы Кудайга келди: “ Кудай, бейишиңдеги Азимбек кандай жашап жатат?”. Кудай жооп берип атат дейт: “ Ага тынч, сонун жашоо да жакпайт экен. Революция кылам, төңкөрүш кылам, акча жасайм дей берет экен. Аның чыныгы бейиште акчанын керек жок экенин такыр билбейт экен да. Мен аны бүгүн эле сенин тозогуңа жиберем, анын чыныгы орду ошол жакта экен”- дептир.