Домой Аналитика Эмир Сарпашев: «Туран» саясий партиясына ийгилик каалайбыз

Эмир Сарпашев: «Туран» саясий партиясына ийгилик каалайбыз

309

Урматтуу мекендештер!
8-апрелде «ТУРАН» саясий партиясынын бет ачары өтүп, айрым ММК өкүлдөрү, расмий тараптар партия тууралуу сурашканынан, мурунку партиянын негиздөөчүлөрүнүн тийешеси бар жогу боюнча расмий жооп берүүнү туура көрдүм.

2004-жылы кыргыздын чыгаан уулдары, көрүнүктүү адабиятчы, сынчы, публицист, сатирик, акын жана коомдук ишмер Салижан Жигитов, публицист, акын жана коомдук ишмер Нуралы Капаров, иним Тайырбек Сарпашов, мен Эмир Сарпашов жана башкалар «ТУРАН» социалистик партиясын түзүп, расмий адилет министрлигинен каттоодон өткөргөнбүз. 2007-жылы партия ЖКнын шайлоосуна катышкан, бирок өтпөй калган. Ошол учурдан бүгүнкү күнгө чейин бир нече жолу кайра каттодон өтүп, печаттар алмашылган. Юридикалык тил менен айтканда, партия кайра каттоодон өткөн соң, анын негиздөөчүлөрү (учредитель) автоматтык түрдө юридикалык укугунан ажырайт. Ушуга байланыштуу расмий билдирем:

«8-апрелде Бишкек шаарында «ТУРАН» саясий партиясынын ачылыш аземине мен жана жогоруудагы белгиленген негиздөөчүлөрдүн тийешеси жок. Ал эми, адилет министрлигинин базасында жогоруда аты аталган адамдар негиздөөчүлөр катары көрсөтулгөнүбүзгө байланыштуу расмий чыгарып коюу боюнча арыздарыбызды жазып бергенбиз»
Мындан кийин «ТУРАН» улуттук кайра жаралуу саясий партиясы жана анын ишмердүүлүгү боюнча шайланган жаңы лидери Жеңиш Молдокматов, анын командасы жоопту. Биз аларга ийгилик каалайбыз.

Урматым менен Эмир Сарпашов