Домой Аналитика Жеңиш Молдокматов: Президенттин айкөлдүгү экстерди чайга чакыруу эмес, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу!

Жеңиш Молдокматов: Президенттин айкөлдүгү экстерди чайга чакыруу эмес, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу!

10

Эркин медиаларга, укук коргоочуларга, эл аралык коомчулукка, жалпы элге

Президенттин айкөлдүгү экстерди чайга чакыруу эмес, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу!

Бугун түрмөдө өз оюн айткандыгы үчүн энелер, кыз-келиндер, саясатчылар жана активисттер мыйзамсыз отурушат. Элдин ынтымагы, өлкөнүн өнүгүүсү Конституциянын жана мыйзамдардын кынтыксыз иштешинде, соттордун адилеттүүлүгүндө!

Кемпир – Абад иши боюнча төрт ай ичинде абактагыларды үч жолу тергөөгө чакырышты. Анын экөөсүндө соттук – лингвистикалык экспертизаны дайындоо жөнүндө Токтом менен, кийин экспертизанын жыйынтыгы менен тааныштыруу иши жүрдү.

Мамлекеттик соттук-лингвистикалык экспертиза массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга эч кандай чакырык жок деген кортунду чыгарган. Бирок тергөөчүлөр буга макул болбой, кайрадан комиссиялык экспертиза дайындап, өздөрүнө ылайыктуу кортунду алууга аракет кылып жатат.

Кемпир – Абад ишинен эч нерсе табылбай, тергөө фейсбуктагы эки жылдык посттордон кылмыш издеп, жакында козголоору күтүлүүдө. Алгач К.Сооронкуловага бир жыл мурун активист Мирлан Ураимовду абактан бошотуу тууралуу башка бир адамдын фейсбуктагы постун бөлүшкөндүгү үчүн КР КЖК 327-беренеси менен иш козгошту.

Бүгүнкү күнгө карата №547 Кемпир – Абад ишине 10 кылмыш ишин бириктиришти.
Анын ичинен: 4 иш А. Бейшенбекке, 3 иш И.Шаменовго, 1 иш К. Сооронкуловага, 1 иш А. Бекназаровго, 1 иш жалпы Кемпир – Абадга тийиштүү. А. Мадумаров жана И. Масалиивдер ишке кайта кошулду.

Бей расмий маалыматка ылайык, 2 айдын ичинде 10 кылмыш ишине дагы 20 кылмыш иши кошулуп (фейсбуктагы посттор боюнча), жалпысынан 30 кылмыш иши Кемпир –Абад ишине бириктирилиши мумкун. Кемпир-Абадка такыр тиешеси жок иштерди бириктирип алып, соттор кандай кылат түшүнуу мүмкүн эмес. Тарыхта мындай жоосунсуз окуя болгон эмес.

Кемпир – Абад ишин жашыруун кылуунун себеби – тергөөнүн мыйзамсыз иштерин элден жашырып, камап, тынчытуу.

Жакында сотторду онлайн өткөрүү пландалып жатканы айтылууда. Албетте, биз Конституциялык укугубуздан пайдаланып, онлайн сотко катышуудан баш тартабыз.

Кыргызстанда мыйзамдар иштебей калды. Бул — трагедия!

Саясий туткун, Жеңиш Молдокматов СИЗО -1
20.02.2023 ж.