Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.
Партиялык тизме менен катышууну көздөгөн 73 партиянын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлеринин тизмеси аныкталганын маалымдашты. Алардан документ кабыл алуу 18-октябрда токтойт.
Партиялардын тизмеги:
- “Улуттар Биримдиги” партиясы;
- “Ишеним” партиясы;
- “Альянс” партиясы;
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы” партиясы;
- “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;
- “Ата Мекен” партиясы;
- “Ыйман Нуру” партиясы;
- “Эл үмүтү социалдык саясий партия”;
- “Азаттык” партиясы;
- “Ынтымак” партиясы;
- “Ак Асаба” партиясы;
- “Күчтүү регион” партиясы;
- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы;
- “Аруузат – Эл Куту” партиясы;
- 15 “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы;
- “Мекенчил Эл” партиясы;
- “ОРДО” партиясы;
- “Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы”
- “Жашасын Кыргызстан” партиясы;
- “Улуу-Журт” партиясы;
- “ЛЕГАЛАЙЗ” партиясы;
- “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы”;
- “Социал-демократтар” партиясы.