Домой Аналитика Баткенде тажик жарандары топтолуп келип, кыргыздардын ишин токтоттурушту (видео)

Баткенде тажик жарандары топтолуп келип, кыргыздардын ишин токтоттурушту (видео)

956

Бүгүн, 17-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайындагы жерди оңдоп-түздөө иштеринин жүрүшүндө кыргыз-тажик тараптардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жерде кыргыз тарап оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тараптан 30дай адам менен келип, «бул жерди чогуу оңдойбуз, силер оңдобойсуңар» деп тоскоолдук жаратышкан. Андан кийин иштерди токтоттуруп салышты. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки тараптан тең чек арачылар жүрөт.

 

Маселе боюнча маалымат:

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 2021-жылдын 3-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчысы кызматына талапкерлиги каралып жатканда Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башын Тажикстанга алдырып жиберишкенин билдирген.

«Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде анклавдар боюнча стратегиялык маселелер бар», – деген Марипов.

Улукбек Марипов 7-февралда кыргызстандыктарга кайрылып, Алматага болгон иш сапары жөнүндө маалымат берип, ага катар эле Тажикстанга өтүп кеткен деп кайсы канал жөнүндө айтканын түшүндүргөн болчу.

«Өкмөт башчылыкка талапкер катары, Кыргызстандын патриот жараны катары бир маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашаган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Ак-Сай айылындагы, Головной водозабордон 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы, андан тышкары Ак-Суу дарыясы жөнүндө сөз болгон. Тилекке каршы кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну түшүнөм. Менин оюмча ушул маселени келечекте биздин өлкөнүн пайдасына чечиле тургандай мыйзам чегинде кароо зарыл. Төрт-Гүл суу сактагычы, анан Головной суу тосмосун стратегиялык объекттерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну биз президентке, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына сунуштайбыз. Биз Тажикстан менен бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечишибиз керек», – деген Марипов.

Төрт-Гүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

turmush.kg