Домой Дүйнөдө Кытайда акылдуу терезе ойлоп табышты

Кытайда акылдуу терезе ойлоп табышты

67

Кытайдагы илимпоздор өз алдынча иштей турган акылдуу терезени ойлоп табышты. Аппарат тунук же булуттуу болушу мүмкүн. Жана ошондой эле бир нече күн заряддалбай иштөөгө жөндөмдүү. Бул тууралуу «Nano Energy» басылмасында айтылат.

Терезенин эң негизги милдети — бөлмөгө кирген жарыкты өзгөртө алат. Айнек тунук эмес болуп, ультрафиолет нурларын жана инфракызыл нурларды тосуп коё алат. Ошентип, күн нурунун көлөмүн азайтат.

Мындан тышкары, гаджет электр энергиясын өз алдынча механикалык жана нурлуу энергия менен иштеп чыгат.

Терезенин тунуктугу баскычты басканда өзгөрүлөт.

Терезе «triboelectric» нано-генератору -» TENG» менен иштейт.

zaman.kg