Домой Аналитика Молдокматов абактан кайрылды: «Ата-Мекен- Эгемен» коалициясына кошулуу чечимин колдойбуз жана күрөштө ийгилик...

Молдокматов абактан кайрылды: «Ата-Мекен- Эгемен» коалициясына кошулуу чечимин колдойбуз жана күрөштө ийгилик каалайбыз!

1748

Октябрь окуясына 1 жыл: 2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы эл көтөрүлүп, бийлик качты. Садыр Жапаров түрмөдөн чыгып, кийин президент болду. Эл үмүт менен Садыр Жапаров демилгеленген Конституциянын жаңы долбоорун колдоп, референдумда 3,5 млн шайлоочунун 30%ы катышып, анын 80%ы макул болуп, бийлик бир адамдын колуна өттү.

«Эл талап кылган жаңы Конституция кабыл алынса, өлкөдө жаңы жашоо башталат, реформалар жүрүп, эл тез эле өзгөрүүнү сезет»- деп убадалар берилди.

Андан бери бир жыл өттү. Эл баа бере турган учур!
1. Соттук реформа – эски система өзгөргөн жок. Мурунку 400 сот ордунда калды;
2. Кадрдык реформа – эски жүздүү жаңылар;
3. Саясий реформа – оппозицияны камоо. Кошоматчылар бийликтин тегерегинде. Өлкөдө саясий атаандаштык жок.
4. Баш мыйзамдан тарта көптөгөн маанилүү мыйзамдар мыйзамсыз кабыл алынды.
5. Демократиялык принциптер, сөз эркиндиги чектелди;
6. Экономикадагы жагдай — 2020-жылы чыккан капиталдын көлөмү 400 млн $ ды түзсө, 2021- жылы 800 млн $дан ашты;
7. ИДП расмийлердин билдирүүсүндө 0.87%га түшсө, эл аралык финансылык институттардын баамында жыл жыйынтыгы менен – 3% жетет;
8. Кустуруу саясатынан улам ички жана тышкы инвесторлор коңшу Өзбекстан, Россия, Түркияга чыгып кетишти;
9. Элдин жашоосу начарлап, жакырчылык күч алды. 6.5 млн калктын 75%ы жакыр болсо, анын 35% өтө жакыр;
10. Жумушсуздук бир жылда 2.7%дан 3.1%га өстү;
11. Жакырланган элдин сырткы миграцияга агылуусу айына 15 миңден – 35 миң адамга адамга жетти;
12. Азык-түлүккө болгон баа күн санап өстүүдө;
13. 5 миң сом пенсия алган 700 миң пенсионер, 1.5- 3 миң сом пособие алган 370 миң үйбүлөө кышта көмүр ала албай үшүгөнгө туура келет;
14. Энергетикалык каатчылык жыл башынан парламентте, ММКларда байма-бай кайталанып, «кышында пландуу өчүрүү болбойт» — деп ишендирген. Эми азыр караңгы көчөдө мүдүрүлүп, үйүндө үшүгөн эл өзү баасын берсин!

Учурунда көбү түшүнбөй тепкиге алышты. Бир жыл мурун айткандарыбыз бүгүн чын болуп чыгууда.
Эмнеге мен, Тилекмат экөөбүз түрмөөдөбүз:
• Жетим-Тоону Кытайга бербей алып калганыбыз үчүн;
• Чекара шылтоосу менен Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтары Өзбекстанга берилгенде, талашып кайра кайтарганыбыз үчүн;
• Эл менен макулдашпай, парламентте талкууланбай «Камбар-Ата 1»ГЭСин белгисиз шарттарда Ташкент менен курабыз деп, суунун башын коңшуларга бергенде каршы чыгып, акыры келишимди буздурганыбыз үчүн;
• Шашылыш, чийки, мыйзамсыз жолдор менен алынган Конституцияга каршы чыкканыбыз үчүн;
• Бийликтин бир колго өтүүшүнө каршы турганыбыз үчүн;
• Козинолордун региондорго, райондорго ачылышына каршы чыкканыбыз үчүн;
• Чындыкты айтып, жаркын келечек үчүн күрөшүп, биз бүгүн түрмөдөбүз;
Мен Жеңиш Молдокматов жана Тилекмат Кудайбергенов алдыдагы шайлоого катышпайбыз. Себеби эркиндигибизден ажырап, мүмкүнчүлүктөрүбуз укуктарыбыз чектелүү . Бирок жакынкы келечекте эл кызматында болорубузду ишендирем!

Урматтуу Мекендештер!
Алдыда парламенттик шайлоо, тарыхый тандоо турат. «Turan» саясий партиясынын Саясий Кеңешинин «Ата-Мекен- Эгемен» коалициясына кошулуу чечимин колдойбуз жана күрөштө ийгилик каалайбыз!
Парламентке элдин камын ойлогон, позициясын айткандан коркпогон, билимдүү жана күчтүү эл өкүлдөрү келиши керек. Кудайым буйруса жакында кезигебиз!
Урматым менен Жеңиш Молдокматов