“Динге жеңилип баратабыз, акыры жакшы болбойт” деп какшап эле келатабыз. Аныбызды уккан жан жок, чүпүрөккө чүмкөнгөн кыздар, эсептен эки алып куранды шаркырата окуган балдар көбөйүп барат. Эми бул маселе ооздукталбай калды окшойт…
Аз күн мурун Жалал-Абад облустук казыят ошол облустук университеттин жыйындар залында “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” деген конференция өткөн. Конференциянын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырат. Гимн жаңырганда бардыгы ордунан туруп, оң колду жүрөк тушка коюп зыңкыя угуш керек. Мына ошол конференцияда алдыңкы катарда олтурган тумчуланган кыздар турбай коюптур да. “Эмне турбайсыңар?” десе, “Бизди эч ким үйрөткөн эмес, мындай куранда, динде жок” дешиптир. Ээ айланайын, азыр гимн ойнолуп жатканда колду көкүрөккө алып туруп укканды биринчи класстын окуучулары да билет. Демек, бу кыздардын да, аларды окуткан мугалимдердин да бир жеринде кеми бар…
Биздин Конституциябызда жазылып турат, “мамлекет менен дин бөлүнгөн” деп. Бул бири-бирине таасири, тиешеси жок деген кеп. А бизде жагдай кандай? Азыр аралашып эле жатып калды. Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссия молдолор менен кошо талашып ажылыктан бир нерсе өндүрөт дейт, дин өкүлдөрү болсо, менчик да, мамлекеттик да теле менен радиодон түшпөй бакылдап жатат. Кыргызстанда канча молдо бар, кимиси чын молдо, кимиси “шантрапа”, тактаган жан жок. Ал эми тоңкочуктаган балдар геометриялык жол менен көбөйүп жатат.