Домой Аналитика Таалатбек Масадыков: Талибандардын бийлигин таанууга даяр эмеспиз

Таалатбек Масадыков: Талибандардын бийлигин таанууга даяр эмеспиз

9

Бүгүн биз талибандарды таанууга даяр эмеспиз. Мындай пикирин  Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Бишкекте өтүп жаткан Афганистан боюнча эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр азыр ар бир адам үчүн өтө маанилүү.

«Бүгүн биз талибандарды таануу жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз. Бирок биз бул өлкөнүн бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Талибанды изоляцияда калтыруу мүмкүн эмес. Бул туура эмес», — деди ал.

media-center.kg