Домой Аналитика Муфтий Замир кары Ракиев мусулмандарды жамаатка бөлүнбөөгө чакырды (видео)

Муфтий Замир кары Ракиев мусулмандарды жамаатка бөлүнбөөгө чакырды (видео)

35

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы шайланган Муфтийи Замир кары Ракиевмусулмандарды жамаатка бөлүнбөөгө чакырды.

Ал буга чейин ага карата айтылып жаткан маалыматтарды төгүндөдү.

Мен бала кезимде өзүбүздүн салттуу динди карманган молдолорубуздан илим алганмын. Андан кийин Египетте окуп келдим. Медреседе мугалим, мүдүр болуп эмгектендим. Андан кийин 10 жылдай Муфтийдин орун басары болуп иштедим. 

Бизге ар кандай жамааттын өкүлдөрү келет. Китеп чыгарайлы деп “гүленчи” жамаат келсе, ага жабыштыра коёт. Дааватта жүргөн досторубузга зырат кылсак, “дааватчы” кыла коёт.

Мен эч бир жамаатка башым менен кирип кеткен эмесмин. Эч бир жамаатка тиешем жок“,- деди Ракиев.

media-centr.kg