Домой Аналитика «Мен бузулдум» дебейлиби

«Мен бузулдум» дебейлиби

165

Каррикатура

Азыр Ак үйдөн баштап министрликтер менен түрдүү мекемелердин коридорлорунда  акыркы модада зыңкыя кийинип наркы-терки шуулдап, иштеген түр көрсөтүп  жүргөн жигит-кыздар толтура. Алардын көбү чиновниктердин, чоң-кичине коррупционердин дейли,  «шокалад жеп чоңойгон» балдары. Мына ошол «шокалад жыттанган» балдар бардар өскөн, алардын лексикасында «жок» деген сөз чанда кездешет. Барга чыланып өскөн немелер турмушту өтө жөнөкөй, бирок, баары жайнап турсун деген талаптуу  көз менен карайт, алардын көз карашында адам баласы сымбаттуу болуш керек, акыркы мода менен кийиниш керек, айлыгы арбын жерде иштеши керек, тамактын мыктысын жеш керек, жегенде да кафе-ресторандардан жеш керек, андан соң сауна,  аял алсаң байдын же чоңдун кызын алыш керек, күйөөгө тийсең дагы ошондой кайын-журт керек, машинанын мыктысы, үйдүн кабат-кабаты болуш керек, анан да бу жарыкчылыкка келип бергенин колко кылат.  Ошону менен булардын жашоосунун маңызы бүтөт. Аларга экономикалык кризис, карапайым элдин кыйналып жашап жатканы, мамлекеттеги  аттиң көрүнүштөр, элинин тарыхы менен тагдыры, далайдан бери жаан жаабай  эгин-тегиндин күйүп жатканы, тигил айыл менен бул айыл суу талашып жакалашканы, мээңе ысык өтүп картошка отоп жатканың, кечинде балдарым эмне жейт деген суроо барын, карылар үйүнө ата-энесин өткөзүп жаткан кыргыздар, сенин жериңе башка бирөөлөр ээлик кылабыз деп турганы… ушуга окшогон маселелерге мээси оорубайт. Анткени, аларга баары даяр болот. Реалдуулуктан дайны жок эле четтебейли, шаарда өскөн не бир керемет дилдүү балдар, кыздар да бар, бирок, алар азчылыкты түзөт. Ошол азчылыкты түзгөн балдар кичи пейил, билимдүү, ата-энесинин туура кебинен чыкпайт. Дал ошолорго жакшы кызмат тийбей, кызматтын көбү жогоруда айткандай «көңдөй» балдарга тийип жатпайбы.  Баса, мындай балдар коррупциялык жолду мыкты өздөштүрүп алган, кызматка олтурары менен ошол жолго түшүп сызып жөнөйт.

Шаарда мекемелерден баш адашат, аларда иштегендер миңдеп саналат. Эгерде ишти оптималдаштырып жүргүзсө туура жарымын кыскартып салууга болот эле. Аны тереңдеп иликтеп, туура чечим чыгарган бир дагы жетекчибиз жок. Жетекчилердин баары саясий жагдайлардын «кулу» болуп ишин улайт. Азыр Алмазбек Атамбаевди сындагандар көбөйүп жатат. Ал оппозициянын идеясы. Эми Атамбаевди Акаев менен Бакиевге салыштырып багалы: Атамбаев тигил экөөндөй мамлекеттин бүтүндөй байлыгын басып алган жок, инилерин, балдарын, туугандарын кызматка койгон жок, өзүн сындаган журналисттерди жоготкула деп сабаткан жок, өлтүрткөн жок, оппозицияга өткөндөрдү өлтүрткөн жок, сырткы саясатта бир багыттуу, туруктуу саясатын жүргүзүп жатат, коррупцияга каршы күрөштө эч кимди аяган жери жок. Бирок, коррупцияны токтотууга бүгүнкү күндө алы келбей жатат.  Анткени, анын тегерегиндегилердин көбү жөнсөз немелер. Экинчиден, коррупция Акаев менен Бакиевдин тушунда пайдубалын өтө бышык кылып түптөп, Гитлердин бункериндей кылып бышыктап алган. Антсе да ага каршы күрөштү токтотпой азыркы темп менен жүргүзө берсе, коррупцияңдын азайары бар.

Кайрадан борбор шаарыбыздагы жаштарга келели. Алардын көбү орус мектептерди бүткөндөр. Айтып эле келатпайбызбы, шаарыбыздагы 95 мектептин 11и гана кыргызча экен деп. Ошентип, орус тилин эне тилинен жакшы билип, Пушкиндин, Лермонтовдун, Некрасовдун, Толстойдун, Гоголдун, Тургеневдин, Шолоховдун ж.б. орус мүнөзү жыттанган  чыгармаларын окуп, адабий табити ошол чыгармалар менен калыптанган. Буларга  кыргыздын «Манас» баштаган эпосттору, жомоктору, уламыштары, санжыралары, Молдо Кылычтын, Калыгулдун, Арстанбектин, Тоголок Молдонун, Токтогулдун, Барпынын, Токомбаевдин, Сыдыкбековдун, Жантөшевдин, Баялиновдун, Абдымомуновдун, Касымбековдун, Осмоналиевдин ж.б. акын-жазуучулардын жүздөгөн чыгармалары тааныш эмес. Мына ошол чыгармаларда адамга керектүү мыкты сапаттардын баары камтылган да. Буларды билбегенден кийин кыргыз элинин улуулуктары жукмакпы. Экинчиден, аталган жаштар мектептерден  кыргыздын салт-санаасын үйрөнбөй чыгып жатпайбы. Эмне, орус мектептериндеги орус катындар кыргыздагы улууну сыйлоо, кичүүдөн ийменүү, тобо келтирип, топук кылуу, оозуңа алып бараткан нанды өңгөгө берүү, карыны төргө өткөзүү, алардын кебин «капка салуу», келиндердин кайната-кайненени сыйлоосу, күйөө балдардын кайындарын пир тутуусу, «балалуу үй базар», «Шодокондун бүркүтүндөй жутунба» маанисин, «жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол», «уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат», «кыздын кырк чачы улуу», «уят өлүмдөн катуу»  сыяктуу накта адамдыктын маңызын түзүп турган маанилерди үйрөтмөкпү?! Аталган маанилерди кыргыздар гана үйрөтөт! Аталгандардын ордуна секс жагынан тарбия беребиз деп жинди болуп жатпайбы. Түрү курусун! Эй, ошол мээси жоктор, кыргыз дегениң кылымдар секс маселесин сыртка чыгарган эмес, аны жараткан өзү башкарып келген! Секс маселесине тарбиялайбыз деп жатып 13-14 жаштагы кыздарды төрөтүп жатпайбы! Аз мурун эле төрөп туруп таштап кеткиси келгендер болсо, баланча деген жерде  үкөк орнотобуз, наристелерди  ошого таштасын деген былжырактык чыкты. Эми кудай урбадыбы, эй антип жатканыңар «төрөп туруп, таштап кете бергиле» деген кеп эмеспи. Эмне, биротоло келесоо болуп калгансыңарбы?! Батыштын идеясы биротоло мээкайык кылып салган турбайбы! Андан көрө төрөп туруп таштап кеткендерди катуу жазалаш керек, дагы жакшысы аларды боюна бүтүрбөө жолун табыш керек, түрдүү профилактикалык иш-чараларды аткарыш керек, баланы таштап кеткен эне адам болуудан калат, баласын айбандар да таштабайт дегенден күнү-түнү айтып, келесоо кыздардын дилине төңкөрүш жасаш керек эмеспи.

Ооба, мектепте ыйманды да, адабиятты да үйрөнүшү керек. Ошондо баары сыдыргыга салгандай сонун болот экен. Жаштарыбыздын ыйманы куюлуп, «кашык-табактын баары ыйманга толуп турат» экен. Андай болгон күндө биздин, бизден кийинки муундун ыйманы куюлганы билинбей, тескерисинче, карөзгөйлүк,  кара мүртөздүк, ачкөздүк, көралбастык, кошоматчылык, коркоктук  деген ыймансыздыктар белден басып жер жыттап турабыз го! Ушундай парадокс! Өзүбүз оңкодон сайылып жатып, жаштарды тарбиялагандан кетебизби дейм да! Тапталган кеп бар го: «Бирөөнү тарбиялоодон мурда, өзүн тарбиялуу бол» деген. Аны канттик?! Совет доорунда бир стандарттуу болсо да дурус тарбия алдык эле, эми анын баары талаага кетти. «Тиги бузулду, наркы бузулду» болуп жарашып жатып калдык. Биракта, «мен бузулдум» деген чындыкты эч кимибиз айтпай тырышканыбыз тырышкан, «эл бузулду» дегенден арбын айтабыз. «Эмне, элден чыктым беле, демек, мен дагы бузулгам» десек, пайдасы сөзсүз болмок. Анткени, ар бир адам кай жеринен бузулуп жатканын сөзсүз билет, маселен, акча жеген — бузулгандык, кызматка жулунганың — бузулгандык, жигитмин деп туруп кошомат кылгандык- бузулгандык, катын башың менен мушташып турсаң- бузулгандык, ушул кызматымда турганда энем өлүп берсе- деген аябай бузулгандык, абийирсиз балаңдын жаман ишин басам деп көрүнгөнгө акча тутамдай чуркаганың — бузулгандык, ошол балаңды акча менен окутканың -бузулгандык… минтип санай берсек, бузулгандык дегениң байыбай калсын! Биз санагандарды жасагандар аябай көп болуп турат. Ушул жерде орундуу суроо туулат: бу Аракеев дегениң эмне эле тыңсынат деген. Тыңсынган жокмун, бирок, мен жогоруда санагандардын дээрлик баарын жасабайм! Албетте, баскан жолдо жаман иштер болуп кетет дечи, бирок, алардын башкага көп деле зыяны тийбейт… Ошентип, ар бирибиз эле кичине-кичине тизгин тартып, азга кызара уялып, кой, эртең антпейинчи деп өзүңдү түздөп турсаң, жакшылык, адамдык деген жаныңда жөлөк болбойбу…