Домой Аналитика Азамат Арапбаев: “Казинону арам дегендей, биздин өлкө диний мамлекет эмес”

Азамат Арапбаев: “Казинону арам дегендей, биздин өлкө диний мамлекет эмес”

18

Мындай пикирин Эл өкүлү “koom.press” сайтына эмне үчүн мыйзамга макул деп добуш бергенин түшүндүрдү:

“Ооруканада жатканыма байланыштуу кечээ жыйынга бара алган жокмун. Добуш берүү үчүн партиялаштарыма ишеним кат бергем. Мыйзамда “бул долбоор кыргыз жарандары үчүн эмес , чет өлкөдөн келген туристтерге багытталат”-деп жазылып турат. Кыргыз жарандарына эч кандай залакасын тийгизбейт. Каттуу бекем тартипте текшерилип киргизилет. Буюрса, казинодон түшкөн акчага Кыргызстандын экономикасын көтөрсө болот. Мындай мыйзам долбоор дүйнөлүк практикада колдонулуп келет. Эмнеге биз мындай мүмкүнчүлүктү колдонбошубуз керек? Ал эми коомчулукта бул арам деп каршы чыккандарга арам деп муну динге байланыштырууга болбойт. Биз ислам мамлекети эмеспиз деп айткым келет”-дейт Арапбаев.