Бүгүн, 21-майда Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өтүүдө. Чогулган тараптар муфтийди эл шайлашы керек деген талапты айтышууда.
Ошондой эле, муфтийди шайлоо таза өтүшү керек деген пикирлерди айтышууда. Учурда муфтияттын алдына боз үй тигилүүдө. Эл муфтийди шайлаганга чейин акция уланары айтылды.
«Өлкөдөгү диндин башчысы дагы таза болушу керек. Муфтийди эл шайлашы зарыл. Ошондо шайлоо таза өтөт«, — деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.