Домой Коом Гүлжигит Исаков: «Бул жарыш эмненин жарышы?»

Гүлжигит Исаков: «Бул жарыш эмненин жарышы?»

21

Бул жарыш эмненин жарышы? Сооптуу иштерди бул дүйнөдө кемирүүнүн жарышы! Бул тууралуу активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

1) Ушул убакка чейин мүмкүнчүлүктөрү болсо деле, өлкөнү аркага тарткандары аз келгенсип, бийликке жаңы келе тургандай бети жоктун жарышы!

2) Ашынган жана негизделбеген амбициялардын жарышы!

3) Компетенциясыздыктын жарышы!

4) Ар бир партияда диверсикацияланган бийликтин талапкерлеринин жарышы!

5) Административдик ресурстар жаңы ыкмалар менен колдонулуп жаткан жарыш!

6) «Мен кулдук урганга даярмын!» деген жарыш!

7) Жугунду ичкендердин жугунду бергендердин эсебинен кожоюндарына кызмат кылууга даяр болгондордун жарышы!

8) Фотошоптордун жарышы!

9) Өзүмчүлдүктүн жарышы!

10) Эки жүздүүлүктөрдүн жарышы!

11) Сооптуу иштерди бул дүйнөдө кемирүүнүн жарышы!

12) Фейктердин жана андай эместердин талапкерлерди каралоо жарышы!

13) Программасыздыктын жарышы!

14) Партиядан партияга секиргендердин жарышы!

15) Анча-мынча топтогон абройду бийликке жагалдана коюп, креслого конвертациялап алуунун жарышы!

16) Уурдалган акчалардын бир бөлүгүнүн кайра чачуу жарышы!

17) Тышкы күчтөр өз талапкерлерин катыштырган жарыш!

Калганын сиздер улаңыздар!