Жумушсуз адамдардын көбү Баткен облусуна туура келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аталган аймакта жумушсуз адамдардын үлүшү – 9 пайыз.
Экинчиде Нарын – 8,8 пайыз, Ысык-Көл 8,4 пайызы менен үчүнчү орунда турат.
Ал эми эң аз катталган аймак Талас облусу. Болгону 2,5 пайыз. Статистика комитетинен белгилешкендей, акыркы жылдарда Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда.