Домой Саясат БШК: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзамын бузгандарга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүдө

БШК: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзамын бузгандарга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүдө

25

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү үчүн координациялык топтор түзүлүүдөБул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам чара көрүү топторунун курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын, прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүү топторунун милдеттери:

– шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү;

– көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Ыкчам чара көрүү топтору төмөнкүдөй иштерди аткарат:

– келип түшкөн билдирүүлөрдү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын, ММКнын, интернет басылмалардын жана шайлоо мыйзамдарын бузуу факттары боюнча билдирүүлөрүн кабыл алуу жана ыкчам талдоо;

– ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмин талкуулоо жана иштеп чыгуу, зарыл чаралар жөнүндө укук коргоо органдарына ыкчам тапшырмаларды берүү;

– шайлоочулар менен шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарында, даттанууларында жана кайрылууларында шайлоо мыйзамдарын бузуу факттары боюнча баяндалган маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) жана факттардын аныктыгын токтоосуз текшерүү, карап чыгуу жана ыкчам чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүү;

– «Ыкчам чара көрүү топтору билдирет» рубрикасында маалыматтарды жарыялоо аркылуу шайлоо мыйзамдарын бузуу факттары боюнча иштин абалы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга дайыма маалымдоо, БШКнын расмий сайтында ыкчам чара көрүү топторунун реестрин дайыма жаңылап туруу.

Бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн 1255 кыска номуру, 0990 02-12-55 WhatsApp номуру, 0312 62-62-46 ишеним телефону жана 0312 66-02-40 коомдук кабылдама аркылуу билдирсе болот.