Домой Коом Бишкектеги бала бакчалар качан ачылары белгилүү болду

Бишкектеги бала бакчалар качан ачылары белгилүү болду

143

Бишкек шаарында 9-марттан баштап бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, коронавирус жана ОРВИ менен ооруган мектепке чейинки балдар арасында абал көзөмөлгө алынды.

«Бишкек шаардык мэриясында социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусунда борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү. Анда мектептерди жана бала бакчаларды этап менен ачуу маселелери каралды. Анда төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды.

Бишкекте 2-3-4-класстын окуучуларын 9-марттан баштап бардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен салттуу режимде окутуу;

Ошондой эле 9-марттан баштап шаардагы бала бакчалар (10дон көп болбогон балдар болушу зарыл) ачылат», — деп билдиришти мекемеден.