20-сентябрдан тартып Бишкектеги бала бакчалар иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Мындай чечим 14-сентябрда мэрияга караштуу шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Мэрия ата-энелерге балдар ооруп жатса бала бакчага алып келбөөнү эскертти. Бала бакчаларда коронавирус менен ооруган балдар аныкталса аларды карантинге жабышат.
Бекитилген алгоритимге ылайык, ата-энелерди балдар бакчасынын дарбазасынан ары киргизишпейт, бакчаларда фильтрлер коюлуп, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.




