Домой Экономика Кыргызстандан мунайзатты ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан мунайзатты ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

30

Кыргызстандын аймагынан мунайзат жана мунайзат продуктуларын ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мындай чечим мунайзаттын ички рыноктогу баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, өлкөдөн ЕАЭБ аймагынан тышкары мунайзатты унаа жана темир жол аркылуу экспорттого убактылуу тыюу салуу (мазуттан башкасы) каралган. Бул чектөөлөр Кыргызстандын аймагынан четке чыккан жеке жактарга тиешелүү эмес. Алар унааларынын күйүүчү май куючу бактарын толтуруп, ошондой эле 20 литрден көп эмес идиштеги май менен өтө алышат.