Домой Саясат Өмүрбек Суваналиев: Орун басарым өкүл балам эмес

Өмүрбек Суваналиев: Орун басарым өкүл балам эмес

107

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басары кылып өзүнүн өкүл баласын коюп алды деген кеп боюнча жооп берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин интернетте анын жаңы дайындалган орун басары Эрлан Сапарбаев өкүл баласы деген сөздөр тараган.

«Биринчиден менде өкүл балдар жок. Эрлан Сапарбаев менен мен Нарында иштегем. Бул өзү өтө тажрыйбалуу, кесипкөй адам. Анын бул кызматка келишине биз тескерисинче сүйүнүп жатабыз. Анткени Баткен облусуна мындай квалификациялуу, мурунку министр болуп жүргөн инсандар губернатордун орун басары болуп келишине көбү макулдук бербейт. Бирок булар кризис менеджерлер. Ошон үчүн келип бул жерде программаны түзгөндөрдүн бири болуп жатат. Анткени Баткен облусуна өзгөчө макам алып жатпайбызбы. Ошонун экономика, финансылардын бардыгын менин орун басарым болуп келген Сапарбаев Эрлан карайт.

Эрлан Сапарбаедин менин өкүл балам экендиги калп, ага эч ким ишенбейт. Анын өкүл атасы мурунку токой чарба министри Мусуралиев деген аксакал. Бардык жерлерде эле ар кандай маалыматтар менен ар кимди жамандап жатышат», — деди Суваналиев.

Маалым болгондой, аны активдерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тааныштырды. Аталган кызматты буга чейин Чынара Саттарова аркалап келген.