Домой Кылмыш Бишкектеги эки мектепти оңдоп-түзөөдө мамлекетке 6 миллион сомго чукул зыян келтирилген

Бишкектеги эки мектепти оңдоп-түзөөдө мамлекетке 6 миллион сомго чукул зыян келтирилген

8

Бишкектеги эки мектепти оңдоп-түзөөдө мамлекетке 6 миллион сомго чукул зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

«Борбор шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2017-жылы Бишкек шаарындагы №46 орто мектебин капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 миллион 268 миң сомду сунуштаган “Д.” ачык акционердик коомунун филиалы табылып, ал эми 4 миллион 659 миң сом сунуштаган “М.К.Дж” жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган. Натыйжада, мамлекетке келтирилген зыян 609 миң сомду түзгөн», — деп билдиришти прокуратурадан.

Мындан тышкары, аталган объект боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары “Д.” акционердик коомунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 миллион 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.

Ошондой эле, 2017-2018-жылдары “И.Т.” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкек шаарындагы №10 орто мектепте 31 миллион 346 миң сомдук капиталдык ондоо иштери жүргүзүлүп, жасалбаган иштер үчүн 2 миллион. 214 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн жумуштарды кабыл алышкан.

Башкача айтканда, борбор калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде жүргүзүлгөн капиталдык ондоо иштерди кабыл алууда мамлекетке 5 миллион 830 миң сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, тергөө иштери башталды.