Домой Коом Мектеп: билим берүүдөгү «ваучер» деген эмне?

Мектеп: билим берүүдөгү «ваучер» деген эмне?

16

Ваучер – англис тилинен алганда кепилдик, тил кат деген маанини берет.

Ага ылайык ар бир окуучуга кеткен минималдык же базалык чыгымдар эсептелип, ошого ылайык ар бир окуучуга ваучер же кызмат сатып алуу сертификаты берилет.

Биздин өлкөдөгү буга чейинки эсептөөлөргө караганда, ар бир окуучунун билим алуусуна кеткен бир орточо жылдык чыгым 13 000 сомдун тегерегинде.

Ваучердик каржылоодо окуучу ата-энеси менен биргеликте кайсы мектепке бара тургандыгын өзү чечет. Демек кайсы мектепте окуучунун саны көп болсо,  ошол мектепке көп каражат барат. Ар бир окуу жай сапаттуу окутууга, дагы көп окуучуларды тартууга аракет кылат.

Ваучердик каржылоо мектептердин ортосунда акыйкат атаандаштыктан тышкары жеке мектептердин да өнүгүшүнө шарт түзүшү мүмкүн. Эгерде окуучу жеке мектепти тандап ала турган болсо, мамлекет тарабынан кепилдик катары берилген сумманын үстүнө кошумча акы төлөп окуганга мүмкүнчүлүк алат. Мындайча айтканда, мамлекет баланын окуусун кеткен чыгымдын кепилденген бөлүгүн ваучер аркылуу төлөп берет, калганын баланын ата-энесинин эсебинен болот.

Ваучердик система кандай киргизилиши мүмкүн?

КРде 2236 мектеп болсо, алардын 80% жакыны айыл жана тоолуу аймактардагы мектептер болуп саналат. Ваучерди аныктоодо айыл жана тоолуу жерлердеги мектептер шаар мектептеринен башкача фомула менен эсептелет. Мисалы шаар жериндеги мектептин ваучеринен тоолуу жердеги мектептин ваучеринин наркы жогору болушу ыктымал. Тоолуу жерлерде мектептердин шарты татаал, кышы узак, ысытуу машакаттуу, балдардын саны аз сыяктуу факторлор эске алынат.  Биздин билим берүү секторундагы айрым кесиптештер дал ушул айыл жериндеги мектептер кандай иштейт деген суроолорду беришет.

Албетте, имаратты кармап туруу, окуучунун билим алуусуна кеткен чыгымдан көп болсо, сапаттык көрсөткүчтөрү жакшырбаса, ал мектептер ирилештирип, окуучуларга сапаттуу билим берүүнүн  варианттары каралышы мүмкүн.

Мындай чечимдерди кабылдоодо ата-энелерге, жергиликтүү коомчулукка өз алдынчалык берилет. Бул жерде эң негизги максат — мугалимдин чыгармачылык менен иштөөсү стимулдаштырылып, окуучунун заманбап билим алышына мектептин жана ата-эненин кызыкчылыктары артат.

Мугалимдин айлыгы билимдин сапатына жана окуучулардын санына карата артышы ыктымал. Ошону менен бирге, мектептер дагы көрсөткүчтөрүү мыкты мугалимдерди өзүнө тартканга кызыкдар болот. Демек мугалимдердин кадыр баркы, маянасы өсөт.

Жер-жерлерде мектептин жакшырышына мугалимдерден тышкары ата-энелер жана камкорчулар кызыгышы мүмкүн. Айрым борбордук же мыкты деген мектептерде окуучулардын саны абдан көбөйүп, ал эми айрым мектептерде окуучулардын саны такыр азайып кетиши мүмкүн.

Мындай шартта мектептин мүмкүнчүлүгүнө жана аянтына жараша чектер коюлат. Айрым мектептер өзүнүн филиалын же кошумча имараттарын ачышы мүмкүн.

Андан тышкары айылдык жана тоо жерлеринде мектептерде окуучулардын саны аз. Айыл жана тоолуу жерлердеги мектептерге өзүнчө коэфицент коюлуп, шаар мектептерине караганда жеңилдиктер каралат. Ошол эле мезгилде айрым сапаттык көрсөткүчтөрдү көрсөтө албаган мектептер жабылышы жана ирилештирилиши мүмкүн.

Ваучердик системаны киргизүү аракеттери

2003-2007 жылдардын аралыгында мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу ишинде ваучердик системаны киргизүү боюнча ПИКС долбоорунун алкагында эксперимент жүргүзүлгөн. Бул жерде да мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатууда провайдерди же курстарды өзү тандап алуу мүмкүнчүлүгү болмок. Бирок бул долбоор да эксперименттен ары өнүккөн эмес. Бул дагы мектептерде ваучердик механизмди ишке ашырууда мыкты тажрыйба катары колдонулушу мүмкүн эле.

Ваучердик система кайсы өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып жатат?

Грузияда  Саакашвилинин бийликке келиши менен барыбызга белгилүү болгон укук коргоо органдарын реформалоодон кийинки эң таасирдүү реформа бул билим берүү тармагында болгон. Мектептерди ваучердик системага өткөргөн. Мамлекет ар бир окуучунун орточо муктаждыгын аныктап, ваучерлерди тапшыра баштаган. Натыйжада ата-энелер балдар менен биргеликте мектеп тандоого, ваучерин мыкты деген мектептерге тапшырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошол эле мезгилде мугалимдердин айлыгын көтөрүп, кесиптик чеберчилигин арттырган, дайыма жаңы көндүмдөрдү өздөштүргөн мугалимдердин айлыгын жогорулаткан.

1990-жылдардан баштап, өзгөчө муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ваучердик система Улуу Британия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө жемиштүү колдонулуп келе жатат. Ваучердин колдонулушу орто мектептерде окуган социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарынын окууга тартылуусун жогорулаткан.

булак: bbc.com/kyrgyz