Беларустун баш калаасы Минск шаарындагы Эркиндик аянтына нааразылык акциясына чыккандарды милиция күчтөп таратты. Атайын бөлүктүн кызматкерлери жүзгө жакын адамды Ыйык Симеон жана Ыйык Елена храмынан чыгарбай, кырк мүнөттөй кармап турушканын жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.
Социалдык тармак колдонуучулары интернет кыска мөөнөткө өчкөнүн да жазышты. Мобилдик интернеттин ылдамдыгы начарлаганын А1 провайдери тастыктап, буга бийликтин буйругу болгонун билдирди.
9-августтагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко жеңип чыкканы расмий жарыялангандан соң оппозициянын жана жарандардын нааразылык акциялары башталган. Андан бери бийлик бир канча демонстрантты камап, адам өмүрү кыйылган учурлар да болду.