Домой Дүйнөдө Тар жол, тайгак кечүү. Жумушчудан — президенттикке

Тар жол, тайгак кечүү. Жумушчудан — президенттикке

188

Албетте дечи, президент болуп туулбайт. Президент болчу адамдын узак, татаал… жолу бар. Азыркы кээ бир президенттер өз жолун кайсы иштен баштаган? Сөздү ошол суроого жооп уласын.

Президенттер

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Карагандыдагы металлургия заводунда карапайым жумушчу болуп баштаган. Карапайым жумушчудан башкы инженерге чейин жеткен. Армениянын президенти Серж Саркисян Еревандагы электротехникалык заводдо токарь болуп иштеген. Эмомали Рахмон болсо май заводунда электрик болуп карьерасын баштаган экен. Ал эми Белоруссия президенти Александр Лукашенко армияда саясий кызматта иштеген, андан кийин совхоздун деректири болгон. Азербайжандын президенти Илхам Алиев 15 жашында МГИМОго өтүп, аны аяктаган соң ошол эле жерде мугалим болуп иштептир. Литванын президенти Даля Грибаускайте Лениниградда Жданов атындагы ЛГУда окуп жүрүп, ошол шаардагы тери фабрикасында лаборант болуп эмгектенген. Азыр түйшүгү түмөн болуп турган Украина президенти Петр Порошенко жогорку билим алгандан кийин, какао сатып бизнеске кирген да кондитердик империя түзгөн. «Шокалад королу» деген атты да алган.

Американын президенти Дональд Трамп атасынын кыймылсыз мүлк жана курулуш компаниясында иштөөдөн баштаган. Италиянын мурунку премьер-министри Сильвио Берлускони кедей бүлөдө өскөндүктөн бала кезинде кортошка чогултуп, уй саап тамак-аш тапкан. Ал эми студент кезинде  ар кандай товарларды саткан, курстук иш жазган, үйлөнүү тойлорунда жана аза күтүүдө фотограф болгон, гид да болгон, концерттерди алып барган.  Германиянын канцлери Ангела Меркель жаш кезинде черника сатып оокат кылган. Өзү физик кесибин алып Германиянын Борбордук физикалык химия институтунда эмгектенген.  Турциянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган болсо Стамбулдун көчөлөрүндө булочка менен лимонад сатчу экен. Сириянын презитденти Башар Асад врач-офтальмолог  кесибин алган соө аскердик госпиталда иштептир…

Жогоруда аты аталган президенттердин ичинен Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон, Илхам Алиев, Башар Асад, Реджеп Эрдоган сыяктуулар президенттикти түбөлүк ээлеп алуунун камын көрүп жатканы. Ал эми жаөы шайланган Өзбекстан президенти Шавгат Мирзиөев «спринтер» президент болобу же «стайер» президент болобу, азырынча белгисиз. Кандай болсо да азырынча ишин дурус баштады…

Ырасы болуп, биздин президент Алмазбек Атамбаев «түбөлүк президент болуу» болукмсуз жолуна түшкөн жок. Кыргыз эли түбөлүк президенттерди жактырбай турганын Акаев менен Бакиевдин мисалында жакшы көрсөттү, аларды сазайын жетилте кууп таштады!

Кээ бир президенттердин таржымалы ушундай. Биздин келе турган президентибиз жаш кезинде эмне күндү көрдү экен, буюрса, аны быйыл жыл аягына чейин билебиз.