Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, диктор Зарыл Мамбеталиева 82 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
З.Мамбеталиева 1938-жылы Нарындагы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. 1952-1957-жылдары Жалал-Абад облусундагы педагогикалык институтта билим алган. Ал эми 1961-жылдан баштап 1997-жылга чейин «Кыргыз радиосунда» диктор болуп иштеген.
З.Мамбеталиева «Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы менен сыйланган.